CASA-1000 долбоору келе жаткан жылдын май айында ишке кирет деп пландалууда

CASA-1000 долбоору келе жаткан жылдын май айында ишке кирет деп пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, жумуштарды соңуна чыгарууга 8,5 миллион доллар жетпей жатат.

 

Бул сумманы жакынкы арада Дүйнөлүк банк бөлүп берет. Эске салсак, CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга экспорттолот.