Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясындагы көпүрөнүн курулушун ушул айдын аягында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Жаңы көпүрөнүн узундугу 72 метрди, туурасы 10,5 метрди түзөт.
Маалыматка ылайык, Көк-Арт суусундагы көпүрө 2022-жылы катуу жүргөн селдин кесепетинен жараксыз абалга кептелген. Жаңысын салуу үчүн былтыр республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, октябрда курулуш иштери башталган.