Бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүү коркунучу Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Акташ унаа жолдорунда жогору.
Мындан улам айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо сунушталат.