Быйыл Кыргызстанда 540 суу каналы оңдолот

Быйыл Кыргызстанда 540 суу каналы оңдолуп, сууну убактылуу топтоочу бассейндердин курулушу башталат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү боюнча өткөн өкмөттүн жыйынында ал быйыл кургакчылык болуп, суунун аз болушу күтүлүп жатканын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бул жаатта даярдык көрүүгө чакырды.