Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, мындай чара Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүп жатат.
Айдоочуларга этият болуу сунушталат.