Билим берүү министрлиги улуттук олимпиада өткөрүү күндөрүн бекитти

Билим берүү министрлиги улуттук олимпиада өткөрүү күндөрүн бекитти. Маалыматка ылайык, билим таймашы математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өтөт.

 

Олимпиаданын I, II этаптары онлайн, III, IV этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт.

 

Анын алкагында Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасы түзүлөт.

 

Олимпиаданын I этабы төмөнкү графикке ылайык онлайн режиминде өтөт:

 

  • физика боюнча – 2024-жылдын 20-январында саат 14:00-17:00го чейин, 21-январда саат 10:00-13:00го чейин;
  • биология боюнча – 2024-жылдын 20-январында саат 10:00-13:00го чейин, 21-январда саат 14:00-17:00го чейин;
  • математика боюнча – 2024-жылдын 27-январында саат 14:00-18:00го чейин, 28-январда саат 09:00-13:00го чейин;
  • информатика боюнча – 2024-жылдын 20-январында саат 10:00-13:00го чейин, 28-январда саат 14:00-17:00го чейин;
  • химия боюнча – 2024-жылдын 3-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 4-февралда саат 10:00-13:00го чейин;

Олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке ылайык онлайн режиминде өтөт:

 

  • информатика боюнча – 2024-жылдын 10-11-февралында саат 10:00-13:00го чейин;
  • физика боюнча – 2024-жылдын 17-февралында саат 14:00-17:00го чейин, 18-февралда саат 10:00-13:00го чейин;
  • биология боюнча – 2024-жылдын 17-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 18-февралда саат 14:00-17:00го чейин;
  • математика боюнча – 2024-жылдын 24-февралында саат 14:00-18:00го чейин, 25-февралда саат 09:00-13:00го чейин;
  • химия боюнча – 2024-жылдын 24-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 25-февралда саат 14:00-17:00го чейин.