Сулайман-Тоого желим бөтөлкөлөрдү алып кирүүгө тыюу салынды

Сулайман-Тоого желим бөтөлкөлөрдү жана полиэтилен баштыктарын алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Буга байланыштуу музей комплекстин аймагында пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, пакеттерде чипсы, кириешки өңдүү товарларды саткан түйүндөр жабылды.