Бишкекте 13-январдан тарта дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкекте 13-январдан тарта дагы эки көчө бир тараптуу болот. Кеп Раззаков жана Орозбеков көчөлөрү тууралуу болуп жатат. Раззаков көчөсүнүн Киев – Москва тилкесинде түштүктү карай, ал эми Орозбековдун аталган бөлүгүндө түндүктү көздөй гана жүрүүгө мүмкүн болот.   Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулуп жатат. Айдоочуларга көңүл… Кененирээк…

Быйыл жазгы талаа иштерине 42,5 мин тонна дизелдик отун талап кылынат

Быйыл жазгы талаа иштерине 42,5 мин тонна дизелдик отун талап кылынат.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө республикада солярканын орточо баасы литрине 71 сом 50 тыйынды түзүүдө.   Күйүүчү-майлоочу материалдын наркы кымбаттаганына байланыштуу жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында өкмөт фермерлерге жеңилдиктерди берет. Мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кымбаттаганы байкалууда

Кыргызстанда доллар кымбаттаганы байкалууда. Жума башынан бери америкалык валютанын куну 20 тыйынга жогорулады.   Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 89 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 89 сом 70 тыйындан сатышууда.   Рубль менен евро дагы сомго карата позицияларын бекемдеп… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районундагы кичи ГЭСтин курулушу быйыл аяктайт

Баткен облусунун Кадамжай районундагы кичи ГЭСтин курулушу быйыл аяктайт. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, объекттин кубаттуулугу саатына төрт мегаватты түзөт.   Бул жакынкы конуштардагы 12 миңге жакын кожолукту электр энергиясы менен камсыз кылат. Долбоордун баасы үч миллион долларды түзөт.

“Баткен” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттү

  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өткөнүн билдирди. Атайын кызмат 11-январда тараткан маалыматка ылайык, 2000-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Аскарбек Шадиев парламенттин Мүлк боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда жеке кызыкчылыгы үчүн борбордогу үч… Кененирээк…

Калифорнияда толугу менен автоматташтырылган ресторан ачылат

Калифорнияда толугу менен автоматташтырылган ресторан ачылат. Жасалма интеллект менен камсыздалган системалар кардарлардан буйрутма алат, ал эми тамак ашты роботтор жасайт.   Жабдуулар туруктуу келген кардарларды жаттап, төлөм системасын базага киргизип коет. Аталган “кызматкерлерге” маяна төлөнбөйт, андыктан, тамактардын баасы бир аз арзан болот. Учурда автоматташтырылган ресторандын… Кененирээк…

Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилик кызматтарына сынак жарыяланды

Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилик кызматтарына сынак жарыяланды.   Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, талапкерлерден документтердин топтому 23-январь, кечки саат 6га чейин кабыл алынат.

Эквадор мамлекетиндеги башаламандыктарда жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок

Эквадор мамлекетиндеги башаламандыктарда жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Канада жана АКШдагы элчиликтерге таянып маалымдайт.   Ведомстводон билдиришкендей, Эквадордогу куралдуу кагылыштын  жыйынтыгында жарандар жана полиция кызматкерлери каза тапты.   Өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилген. Буга байланыштуу, министрлик кыргызстандыктарды Эквадор аймагына баруудан баш… Кененирээк…

Евробирикме Кыргызстанга 3 миллион евро берди

Евробирикме Кыргызстанга 3 миллион евро берди. Каржы министрлигинен билдиришкендей, кайтарымсыз негизде берилген каражат санариптик трансформация тармагын колдоого жумшалат.   Алсак, Жогорку технологиялар паркынын иши жакшыртылып, Санарип-аймак системасы жайылтылып, өлкөнүн кибер-коопсуздугу камсыздалат. Андан тышкары, министрликтердин базалык тейлөөсүн өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт.

Эртең, 12-январда футбол боюнча Азия Кубогу старт алат

Эртең, 12-январда футбол боюнча Азия Кубогу старт алат. Биздин курама турнирге катышуу үчүн Катарга барып, даярдык беттештерин өткөрдү. Кыргызстан  F тайпасында Тайланд, Сауд Арабия жана Оман менен ойнойт.   Биринчи беттеш  16-январда Тайландка каршы өтөт. Белгилеп кетсек, бул биздин кураманын аталган континенталдык турнирге экинчи ирет… Кененирээк…