Быйыл өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек

Быйыл өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйында билдирди.

 

Ал тышкы миграциянын агымын азайтуунун негизги жолу адамдарга Кыргызстанда жумуш таап берүү экенин белгиледи.

 

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 70 миңден ашык жумушсуз адам бар.