Бишкектин коомдук транспортунда жүрүү үчүн окуучуларга жаңы баада билеттер сунушталат

Бишкектин коомдук транспортунда жүрүү үчүн окуучуларга жаңы баада билеттер сунушталат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ата-энелер айына 360 сомдук тулпар картасын сатып алса болот.

 

Бул күн сайын эки тарапка жүргөн мектеп окуучулары үчүн пайдалуу. Картага окуучунун аты-жөнү түшүрүлүп, аны башка жүргүнчүлөр колдоно албайт. Чоңдор  үчүн айына 1 миң 20 сомдук чектөөсүз карталар жеткиликтүү, — дешти муниципалитеттен.

 

Белгилеп кетсек, Бишкектин коомдук транспортунда 30-январдан тарта жол кире кымбаттап, накталай 20 сомду, карта менен 17 сомду түзөт.