“Манчестер Ситинин” башкы адиси Хосеп Гвардиола ФИФА версиясы боюнча мыкты машыктыруучусу деп аталды

“Манчестер Ситинин” башкы адиси Хосеп Гвардиола ФИФА версиясы боюнча мыкты машыктыруучусу деп аталды. Талапкерлердин тизмесинде Италия курамасынын машыктыруучусу Лучано Спалетти жана “Интер” клубун тарбиялап келген Симоне Идзаги бар болчу.

 

Мыктыны аныктоодо машыктыруучулардын 2022-жылдын декабрынан өткөн жылдын 20-августуна чейинки ийгиликтери эске алынды.

 

Гвардиоанын жетекчилиги алдында “Манчестер Сити” Англия чемпионатын,  өлкөнүн Кубогун жана Чемпиондор лигасын багындырган.