2023-жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү

2023-жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Анын айтымында, башкы каржы мекемесинде мурдагы көлөмгө өткөн жылы таза 3-4 тонна алтын кошулган. Белгилеп кетсек, эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив.

 

Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.