Лионель Месси ФИФА версиясы боюнча үчүнчү ирет жылдын мыкты оюнчусу деп аталды

Лионель Месси ФИФА версиясы боюнча үчүнчү ирет жылдын мыкты оюнчусу деп аталды. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Лондондо өттү.

 

Бул наамга ошондой эле англиялык “Манчестер Сити” үчүн ойногон Эрлинг Холанд жана ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе дагы талапкер болушкан.

 

Месси сыйлыкты алууга өзү келген жок. Анын ордуна кубокту анын мурдагы клуб боюнча кесиптеши Тьерри Анри алды.