Киров суу сактагычындагы “Бала-Саруу” ГЭСи жакында колдонууга берилет

Киров суу сактагычындагы “Бала-Саруу” ГЭСи жакында колдонууга берилет.   Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,  учурга карата негизги имараттын курулушу аяктап, жабдууларды орнотуу, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана 110 киловаттык аба линияларын тартуу иштери аткарылды.   Суунун көлөмү көбөйгөндө, ГЭС ишке кирет, — дешти ведомстводон.… Кененирээк…

Кыргызстанда күнөсканалардын саны 1,7 миңден ашты

2023-жылы республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1 миң 765 даананы түздү. Ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.   Облустар боюнча алып караганда:   Чүй облусу боюнча 265 даана,… Кененирээк…

Президент дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.   Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип… Кененирээк…

Караколдогу эл аралык аэропортту күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда

Каракол шаарындагы эл аралык аэропортту ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда. “Манас” аба майданынын маалыматына караганда, учурда аэропортто заманбап талаптарга жооп берген аэровокзал жана учуу тилкеси курулуп жатат.   Белгилеп кетсек, аталган аба майдан 1971-жылы негизделген. Ал эми 2018-жылы Дубай – Ташкент – Бишкек… Кененирээк…

Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Бишкекте волейбол боюнча эркектер арасында ХVI Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Биринчилик Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 19-январга чейин болот.   Анын биринчи этабына жогорку лиганын 17 командасы катышууда. Ал эми мелдештин экинчи этабы 5-11-февраль күндөрү өтөт.… Кененирээк…

Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги макам берилди

Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги макам берилди. Өкмөттөн маалым болгондой, тизмеге Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу, Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу жана Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу кирет.   Ага ылайык, жогорудагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыктар компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу,… Кененирээк…

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы такталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Баткен шаарында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.   Тараптар калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт шаар тургундарын штаттык режимде тейлөөдө. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» 492 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 276 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр транспорт» ЖЧКсынан 117 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар кайра көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар кайра көбөйүүдө.   Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, соңку бир жумада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 10 миңден ашты. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 22,5 пайызга көп.   Ооруга чалдыккандардын 65 пайыздан көбү балдар. Сасык тумоого кабылгандардын басымдуу… Кененирээк…

Ошто тумандан улам Бишкек жана Стамбулга каттамдар убактылуу токтотулду

Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек — Ош жана Ош — Стамбул каттамдары жылдырылды.   «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, азыркы учурда көрүнүү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт.   Каттамдардын жандангандыгы боюнча кошумча маалымат берилет.