Сосновка постунда оор жүк ташыган унааларга чектөө дале күчүндө

Сосновка постунда оор жүк ташыган унааларга чектөө дале күчүндө.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолунда түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды.   Эске салсак, кечээ трассанын 127-чакырымында көлөмү 45 миң кубометрлик кар көчкү түшүп, жол транспорттун бардык түрүнө жабылган болчу.

Азия Кубогунун алкагында бүгүн «Ак шумкарлардын» алгачкы беттеши өтөт

Азия Кубогунун алкагында бүгүн Кыргызстан менен Таиланддын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет.   Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, оюн Катардагы «Абдулла бин Халифа» стадионунда өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8:30да башталат.   «Ак шумкарлар» ак түстөгү формада талаага чыгат. Калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк быйыл Кыргызстандын ИДПсы 4% өсөт деп божомолдоодо

Дүйнөлүк банк быйыл Кыргызстандын ички дүң продуктусу 4% өсөт деп божомолдоодо. Бул тууралуу мекеменин баяндамасында айтылат.   Буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы 2024-жылы кыргыз экономикасы 4,5% өсөт деп болжолдосо, ага чейин Азия өнүктүрүү банкы 4% өсүш болот деген маалымат жарыялаган.   Кыргыз өкмөтү болсо быйылкы… Кененирээк…

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатыны жыйноо башталды

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатыны жыйноо башталды. Мэриядан билдиришкендей, Жаңы жылдык жасалга “Тазалык” жана “Бишкекжарык” муниципалдык ишканаларынын капмаларында сакталат.   Эске салсак, өлкөнүн башкы балатысынын оту былтыркы жылдын 15-декабрында жандырылган жана КМШдагы эң бийик балатынын бештигине кирген.

Тогуз-Торо районунда 225 орундуу мектеп ачылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда көп жылдан бери курулушу бүтпөй турган №8 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, 225 окуучуга чакташкан объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.

Кыргызстан мамлекеттик ЖОЖдорду өнүктүрүүгө 25 млн доллар карыз алууну пландоодо

Кыргызстан мамлекеттик ЖОЖдорду өнүктүрүүгө 25 млн доллар карыз алууну пландоодо.   Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, долбоор өлкөдө өзгөчө макамы бар 5 окуу жайдын техникалык базасын чыңдоо максатын көздөйт. Тагыраагы, ЖОЖдордо илимий изилдөө хабдарды түзүү каралууда. Анын алкагында университеттерге лабораториялык жабдыктар сатылып алынат.   Карызды… Кененирээк…

ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.   Ведомстводон белгилешкендей, кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда муз тебүүгө чыкпоо зарыл. Сырттагы сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, жарылып кетиши толук мүмкүн экени белгиленген. Бул адам өмүрүнө коркунуч туудурат.