Бишкекте №34 жана №146 автобустардын жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкекте №34 жана №146 автобустардын жүрүү схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. №34 автобус эми айланма жол менен жаңы автобекетке чейин барса, №146 автобус кайрадан Мыкан айылына чейин жүрөт.

 

Мындай чечим шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынан кийин кабыл алынды.