Өтүп кеткен жылы унаанын айнектерин тонировкалоого айдоочулар 594 миллион сом төлөдү.
“Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, жалпысынан 7 миңден ашык лицензия берилген.
Эске салсак, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу 2022-жылы мыйзамдаштырылды. Бир жылга уруксат алуу үчүн жарандар 80 миң сом, юридикалык тараптар 100 миң сом бериши керек.