Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү материалдарды жеткирип баштады

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү материалдарды жеткирип баштады. Бүгүнкү күнгө карата 289 объектке оюнчуктар жана өнүктүрүүчү шаймандар тапшырылды.

 

Андан тышкары, заманбап балдар аятнчалары орнотулат. Ведомстводон эскертишкендей, жалпысынан өлкө боюнча 500 кыска мөөнөттүү бакча ачылат. Аларда балдар 3 саатка калтырылат.

 

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.