Cанариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылда көрсөтүлгөн эң популярдуу кызматтар тууралуу айтты

Cанариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылда көрсөтүлгөн эң популярдуу кызматтар тууралуу айтып берди.

Ведомстводон белгилешкендей, эң популярдуу төмөнкү кызматтар болду:

 

— Кыргызстандын жарандарын туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча каттоо. 12 айдын ичинде 712 миң 123 кызмат көрсөтүлдү.

 

— Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо. 12 айдын ичинде 668 миң 844 кызмат көрсөтүлдү.

 

— Кыргызстандын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын — паспортун (ID-карта) алмаштыруу — 575 миң 422.

 

Мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында онлайн форматтагы кызматтар активдүү киргизилүүдө.

 

Жогоруда белгиленген кызматтардын ичинен 2023-жылдын июль айынан баштап чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо боюнча сайты иштей баштады.

 

Ошондой эле жашаган жери боюнча жарандарды онлайн каттоо кызматы иштелип чыгууда жана жакынкы убакта ишке киргизилет.