Коомдук унааларга жол кирени MegaPay аркылуу арзан төлөө — убактылуу акция

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому коомдук унааларга MegaPay тиркемеси аркылуу арзандатылган жол кире төлөө убактылуу өнөктүк экенин маалымдады.

«MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу төлөм жүргүзүүдө, муниципалдык   транспортто жүрүү акысы мурдагы бааны ─ 11 сомду түзөт! Акция 2024-жылдын 30-январынан 2024-жылдын 10-мартына чейин аракетте болот», — деп жазды компания өзүнүн сайтына.

 

Айта кетсек, Бишкекте жол кирени жогорулатууну демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган. Бул мыйзамдын негизинде кабыл алынган токтомго 15-январда кол коюлуп, жаңы тариф 30-январда күчүнө кирери белгиленген.

 

Жаңы кабыл алынган тарифке ылайык, автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөрү айтылган:

 

  • Накталай төлөм — 20 сом;
  • «Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом;
  • Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.

Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот.