Лейлекте 225 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунундагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   225 орундуу объекттин жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен каржыланды.   Учурда мектепте 31 мугалим 11 техкызматкер… Кененирээк…

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 15 мал союучу жай жабылды

Былтыр Кыргызстанда жалпы 101 мал союучу жай катталып, анын ичинен 15и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.   Анын айтымында, ошондой эле 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине… Кененирээк…

Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт жолундагы жол белгилери жаңыланууда

Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.   !»№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек», — деп айтылат маалыматта.   Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстанда райондук кеңештер жоюлду

Кыргызстанда райондук кеңештер жоюлду. Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду.   Мыйзам расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Чүйдүн Байтик айылына жакын жерде аэропорт курулушу мүмкүн

Чүйдүн Байтик айылына жакын жерде аэропорт курулушу мүмкүн. Министрлер кабинети аймакты изилдөөгө каражат бөлүүнү тапшырды.   Анын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде тиешелүү аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка керектүү изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ал эми “Манас” эл аралык аэропорту өз каражатынын эсебинен Байтикке жакын аймактын аэропорт курууга ылайыктуулугун… Кененирээк…

Дүйнөдө тамеки чеккендердин саны азайууда

Дүйнөдө тамеки чеккендердин саны азайууда.   Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө бир миллиарддан ашуун чоң киши тамекиге көз каранды. Бирок бул 2022-жылга салыштырмалуу 19 миллионго аз.   Докладда ошондой эле 150дөй өлкө тамеки колдонууну ийгиликтүү азайтып жатканы белгиленет. Лидерлердин арасында Бразилия менен… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортторунда кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлөт

Бишкектин коомдук транспортторунда орнотулган мониторлордо кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаменти билдирди.   Маалыматка ылайык, мындай чечим шаар бийлигинин жыйынынын алкагында “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Бишкекке алгачкы электробустар жайында келет

Бишкекке алгачкы электробустар жайында келет. Вице-мэр Максатбек Сазыкулов “Азаттыкка” билдиргендей, коомдук транспорттун бул түрүнөн жалпысынан 120 даана сатылып алынган.   Бул электр энергиясы менен жүргөн ыңгайлуу автобустар. Сапаты троллейбустардыкындай, бирок мобилдүү болот. Бир кубаттаганда 300 чакырымга жетет, — деп түшүндүрдү чиновник.

Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт

Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» ишканасынан билдиришти.   Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын тазалоо иштерин күчөтүү максатында быйыл 30га жакын кошумча кызматкер алуу пландалууда.

Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу жүрүүдө

Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Долбоорго ылайык, ишкананын курулушу быйылкы жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң долларды түзөт.   Фабрика ачылса 500дөн ашык жаңы жумуш орду пайда болот деп күтүлүүдө.