Өлкөдө 27-январь, ишемби жумуш күнү болот

Өлкөдө 27-январь, ишемби жумуш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек министрлиги эскертет. Бул күнү 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар 3-январдагы дем алыш үчүн ишке чыгат.

 

Андан тышкары, 2-март жана 2-сентябрга туура келген ишембилер жумуш күнү болот. Бул күндөр үчүн 4-5-январда жаңы жылдык узак эс алуулар киргизилген болчу.