Өлкө аймагындагы 45 мал базардын 25и гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет

Өлкө аймагындагы 45 мал базардын 25и гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

 

Анын айтымында, 20 соода аймагынын ээлерине карата протокол түзүлсө, 16сына 160 миң сомдун айып тагылды. Талаптар аткарылбаганы үчүн 7 райондун акимине, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлерине эскертүү берилди.