Ведомство аралык комиссия Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоону улантууда

Ведомство аралык комиссия Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоону улантууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, учурда бир нече версия каралып жатат.

 

Ал эми атайын жардыруу боюнча божомолдор четке кагылды. Андан тышкары, материалдык зыянды тактоо жүрүүдө. Ал эми мэрия өз кезегинде ысык суу жана жылуулук үчүн кайра эсептөө жүргүзүп жатат.

 

Учурга карата ЖЭБде чатыр калыбына келтирилип, калдыктар чыгарылып, конструкция бекемделди. Эске салсак, жылуулук-энерго борбордо авария 2-февралга караган түнү болгон.