Аламүдүн, Сокулук райондорунда 7 миң акылдуу эсептегич орнотулду

Аламүдүн, Сокулук райондорунда 7 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, учурга карата Чүй облусунда заманбап жабдуу менен жалпысынан 74 миң абонент камсыздалды.

 

Мындай эсептегичтер автоматтык түрдө көрсөткүчтү бөлүштүрүүчү компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларындагы ашыра жүктөлгөндүктү азайтууга шарт түзөт. Ошондой эле, абонеттердин карыздары үчүн аралыктан өчүрүү мүмкүн болот.

 

Бул аймактагы электр энергиясын камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган чара.