Президент мунапыс берүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент мунапыс берүү боюнча мыйзамга кол койду.   Мамлекет башчынын сайтында маалымдалгандай, документте айрымдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.   Бирок документ айрым беренелерге тиешелүү эмес. Белгилеп кетсек, буга чейин мыйзамдын… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги авария. Диверсия жана теракт деген божомолдор алынып салынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде болгон көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып чыкты,… Кененирээк…

Баткенде акылдуу эсептегичтерди орнотуу уланууда

Баткенде акылдуу эсептегичтерди орнотуу уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 14,5 миңден ашык аппарат пайда болду.   Алдыда акылдуу эсептегичтер Баткендин бардык абоненттерине жеткиликтүү болот.

Стамбул 2023-жылы туристтер эң көп келген шаар деп табылды

Стамбул 2023-жылы туристтер эң көп келген шаар деп табылды. Стратегиялык изилдөөлөр менен алектенген британдык компаниянын маалыматы боюнча, Түркиянын шаары былтыр 20 миллиондон ашык туристти кабыл алган. Коноктордун санынын көбөйүшү АКШ менен Канаданын жарандары үчүн жеңилдетилген виза режими менен да байланыштуу.   Рейтингде экинчи орунду Британиянын… Кененирээк…

Нарында жаңы заманбап автобекет куруу пландалууда

Нарында жаңы заманбап автобекет куруу пландалууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, вокзал Нарын шаарына Москва районунан кире бериште, “Жеңиш” сейил багынын чыгыш тарабына курулат.   Объекттин курулушуна 60 миллион сом жумшалат.   Ошол эле учурда эски автобекет толугу менен реконструкцияланып, балдардын заманбап эс… Кененирээк…

Ошто туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды

Ошто туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, мында туристтер кайсы жерлерге баруу керектиги, мейманканалар, гиддер жана логистикалык компаниялар, тамактануучу жайлар, сим-карта алуу, зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.   Эске салсак, ушундай эле маалымат үстөлдөрү… Кененирээк…

Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында 1 млрд сомдук келишимдерге кол коюлду

Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд сомдук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинде буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү, жаңгакты экспорттоо боюнча келишимдер бар.   Мындан тышкары, президенттин Баткен жана Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Түркиянын… Кененирээк…

Биринчи медициналык жардам үчүн 11 млн доллардан ашык бөлүнөт

Кыргызстанда биринчи медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга 11 млн доллардан ашык бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, долбоор боюнча гранттык макулдашуу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен жетишилди.   Каражат ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын диагностикалык… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.   Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Ордо калаада спорттун жети түрү боюнча спартакиада башталды

Ордо калаада спорттун жети түрү боюнча спартакиада башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.   27-февралга чейин өтө турган мелдешке Бишкектин жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери катышууда.   “Ден соолук – 2024” спартакиадасы футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол,… Кененирээк…