Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей,  система калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат.

 

Zanyatost.kg порталы жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.