Дубайда эми жүргүнчүлөрдү учуучу такси тейлейт

Дубайда эми жүргүнчүлөрдү учуучу такси тейлейт.

 

Жергиликтүү бийлик жаңычылдыкты 2026-жылы ишке киргизүүнү пландап жатат. Учуулар 4 адам бата турган чакан учактар менен жүргүзүлөт.

 

Алар саатына 320 чакырым ылдамдыкта жүрө алат. Мындай жаңы муундагы таксилер электр кубаты менен жүрүп, бир рейстен кийин 10 мүнөт кубаттоону гана талап кылат.