Лейлекте суу сактагычтын реконструкциясы 1-мартка чейин аяктайт

Лейлекте суу сактагычтын реконструкциясы 1-мартка чейин аяктайт. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Мурас айылында жайгашкан суу сактагычта өткөн жылы калыбына келтирүү иштери башталып, бул максатта 11 миллион сомдон ашык каражат каралган.

 

Учурда курулуш жумуштары аяктап, объект 1-мартта колдонууга берилет. Андан кийин 197 гектар жер сугат суусу менен камсыздалат.