Баткенде эс алуу жайы курулат

Баткенде эс алуу жайы курулат. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, учурда регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык тарабынан Кызыл-Дөң дөңсөөсүнө курула турган панораманын эскизи иштелип чыкты.   Эс алуучу жайы ушул жылы пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда

Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланды.   Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды… Кененирээк…

Араванда жазгы талаа иштери башталды

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта картошка тигип, капуста отургузуу иштери жүрүүдө.   Белгиленгендей, быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонууга маани берилет. Бул багытта дыйкандарга бийликтен ар тараптуу колдоо болот, — дешти өкүлчүлүктөн.

Жалал-Абаддагы кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

Жалал-Абаддагы кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилүүдө.   Белгиленгендей, облус аймагында 1 миң 74 үй-бүлө кооптуу аймакта… Кененирээк…