Ордо калаанын Ак-Бата кичи районунда жаңы мектеп пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, билим берүү мекемеси 660 орунга чакталат.
Ошондой эле быйыл аталган кичи райондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт.