Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСине 5 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСине 5 миллион доллар бөлөт. Жогорку Кеңеш тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Каражат гидроэлектростанциянын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жумшалат.   Сумманын 3 миллион доллары жеңилдетилген насыя болсо, калган  2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. 17-февралдан 19-февралга чейин өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачын күтүлөт. Аба табы кескин төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрди түзөт.   Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат

Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат.   Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, компьютерлерди алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү.   Апрель-май айларында мугалимдер техниканын биринчи партиясын алышат, калганы 1-сентябрда берилет. Учурда бир нече кытай компаниялары менен ноутбуктарды… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түздү. Бул көрсөткүч бир ай мурункудан 1,3 млрд метр кубга аз.   “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда суу сактагычка секундуна 144 метр куб суу агып кирсе, кайра 468 метр куб суу агып чыгууда.   Адистер… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам жылуулуксуз жана ысык суусуз калган керектөөчүлөргө кайра эсептөө жүргүзүлөт

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам жылуулуксуз жана ысык суусуз калган керектөөчүлөргө кайра эсептөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, жылуулук-энерго борбордо чыккан кырсыктын себеби тактала элек. Объектти калыбына келтирүү иштери уланууда. Учурга карата 8 миң чарчы метр чатыр оңдолду. Ошондой эле имараттын конструкциясы… Кененирээк…

“Түндүк” системасында мартта кыймылсыз мүлктү кайра каттоо кызматы пайда болот

“Түндүк” системасында мартта кыймылсыз мүлктү кайра каттоо кызматы пайда болот. Бул тууралуу президент администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.   Анын айтымында, бардык техникалык суроолор чечилди, учурда укуктук-нормативдик маселелерди жөнгө салуу иштери жүрүүдө. Буржуев белгилегендей, кызмат ишке киргенде батирлерди онлайн форматта кайра каттоо… Кененирээк…

ИИМ айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертет

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алгандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүктү тез жана арзан, белгилүү бир акча каражатын төлөй салса эле жазап беребиз деген жарнамалар кездешүүдө.   Белгиленгендей, жасалмаларды табуу ыкмалары ар кандай болот: кызматкерлер жумуш алып барып… Кененирээк…

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 15,5 миллиард доллардан ашты

Өткөн жылдын январынан декабрына чейин Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 15,5 миллиард доллардан ашты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп.   ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмүнө келсек, көрсөткүч 4 миллиард доллардан ашты. Алардын көбү Казакстан… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылат

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы бекет ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” коңшу өлкөнүн массалык маалымат каражаттарына таянып жазды.   Маалыматка ылайык, эки мамлекетти байланыштырган чек ара бекети Өзбекстандын Наманган облусунун Үчкоргон районунда курула баштады.   “Үчкоргон” өткөрмө түйүнү Учурган – Маданият жолунун 10-чакырымында жайгашкан. Ушундай… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖРТ талап кылынбаган адистиктердин тизмеси жарыяланды

Кыргызстанда ЖРТ талап кылынбаган адистиктердин тизмеси жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругу 7-февралда чыкты.   Ага ылайык, абитуриенттерди окууга кабыл алууда 33 кесип боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбайт. Тизме төмөнкүдөй:   1. Дене тарбия жана спорт; 2. Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн… Кененирээк…