Кыргызстанга мигранттар 2023-жылы 2 миллиард 706 миллион доллар которду

Кыргызстанга мигранттар 2023-жылы 2 миллиард 706 миллион доллар которду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. 2022-жылга салыштырмалуу, которуулар 12 пайыза аз.

 

Анда өлкөгө акча которуу системалары аркылуу 3 миллиард 86,5 миллион доллар которулган. Адаттагыдай эле, сумманын басымдуу бөлүгү, же 2,5 миллиард Россиядан жөнөтүлгөн. Андан кийин КМШ олкөлөрү турат.