Бишкекте локалдуу жылуулук электр станциялары жана от казандары курулууда

Бишкекте локалдуу жылуулук электр станциялары жана от казандары курулууда. Мындай чечимди ордо калаа мэриясы ЖЭБдеги авариядан кийин кабыл алды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо системасынын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталып, натыйжада жабдуулар иштен чыккан.