Эмгек министрлигине тиешелүү 21 кызмат электрондук форматка өткөрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү 21 кызмат электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.   Мындай чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Майрамдарда Бишкекти кооздоого 11,5 млн сом жумшоо пландалууда

Быйылкы майрамдарда Бишкек шаарын кооздоого 11,5 млн сом жумшоо пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тиешелүү тендерди Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Документте 8-март, Нооруз, шаар күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана жаңы жылга карата баннерлерди чыгарууга буйрутма берүү пландалганы айтылат.

Денис Петрашов Катарда Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Катарда спорттун суу түрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Петрашов жарым финалга 50 метрге брасс сүзүү боюнча жарышып чыкты. Спорттун суу түрү боюнча Дүйнө чемпионаты 18-февралга чейин болот.

Каратэ боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү

Каратэнин бардык түрү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкектеги «Gym-n-Roll» балдардын спорттук оюн-зоок комплексинде орун алган мелдеште 48 салмак категориясы боюнча 200дөн ашык жаш спортчу күчүн сынады.   Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык мелдеште жеңүүчү деп төмөнкү командалар табылды:   1-орун – Бишкек шаарынын… Кененирээк…

Ошто дагы эки социалдык дарыкана ачылды

Ошто дагы эки социалдык дарыкана ачылды. Жергиликтүү мэриядан кабарлашкандай, аптекалар шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборунун №2 жана үчүнчү филиалдарында жайгашкан.   Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарында 4 социалдык дарыкана ачылган. Мында 1-2-топтогу майыптыгы барлар 25%, 3-топтогу жарандар 15%, калган тургундар дары-дармектерди 10% арзандатуу менен сатып… Кененирээк…

Баткендин 25 айылын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылат

Баткендин 25 айылын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, бул боюнча долбоор эл аралык уюм тарабынан ишке ашууда.   Анын алкагында социалдык обьектилер суу менен камсыз болот, канализациялык инфраструктура жакшырып, сууну фильтирлөө системалары орнотулат. Ошондой эле суу аркылуу жугуучу инфекциялардын… Кененирээк…

Араванда мектептин кошумча имараты ачылды

Араван районунун Кайрагач-Арык айылындагы орто мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, имараттын жалпы сметалык баасы 21 млн сомду түзүп, анын ичинен Ош облустук өнүктүрүү фонду 7 млн, Нур-Абад айыл өкмөтү 3 млн, демөөрчүлөр тарабынан 11 млн… Кененирээк…

Жалал-Абадда 2,1 миң даана китеп санариптештирилди

Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-январына карата ар кандай жанрдагы 2 мин 121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.   Маалыматка ылайык, өткөн жылы райондогу китепканаларга керектелүүчү компьютер жабдуулары алынып берилген.   Облус боюнча жалпы китеп фондусу 2 млн 187 миң… Кененирээк…