Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда

Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда.

 

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Жыйынтыгында Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогу түзүлөт. Аталган система 1-апрелге чейин тесттик режимде иштейт. Мамлекеттик катологду түзүү жана иштеп чыгуу үчүн каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.