Кыргызстанга өткөн жылы дээрлик 185 миң унаа импорттолду

Кыргызстанга өткөн жылы дээрлик 185 миң унаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Сырттан ташылган машиналардын жалпы баасы 2 миллиард 767 миллион долларды түзгөн.

 

Өлкөгө 61 мамлекетте өндүрүлгөн машина кирген. Көбү Кытайдан,Түштүк Кореядан жана Россиядан импорттолду. Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстанга 41 миң унаа жеткирилген.