Бишкекте эртең, 16-февралдан тарта №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт

Бишкекте эртең, 16-февралдан тарта №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Муниципалитететтен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

 

№8 автобус Орок айылынан Алтын-Ордо конушуна чейин каттайт. Узундугу 49 чакырым, автобустардын аралыгы 10-12 мүнөт. Бул линияга 15 автобус чыгат.