Бишкекте аялдамадан сыналгы уурдалды

Бишкекте аялдамадан сыналгы уурдалды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.

 

Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун КР мыйзамдарын бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат.