Бишкекте түркиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өтөт

Бишкекте түркиялык жогорку окуу жайлардын «Жибек Жолу» аталышындагы көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.   Иш-чара бүгүн, 15-февралда саат 10:00дөн 17:00гө чейин «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында болот. Кирүү акысыз.   Көргөзмөдө Түркиянын ар кайсы шаарларындагы 20га жакын университет тууралуу маалымат берилет.

Таласта турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Түркиянын «Адам укугу жана эркиндиги» гуманитардык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Рисала” коомдук фонду тарабынан каржыланды.   Кайрымдуулук иш-чара «Көмүр жардамы» долбоорунун алкагында уюштурулуп, күтүлүп жаткан суук аба ырайына… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата кичи районунда 660 орундуу мектеп курулат

Бишкектин Ак-Бата кичи районунда 660 орундуу мектеп курулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошондой эле быйыл аталган кичирайондо №9 балдар искусство мектебинин, №1 интернаттын имаратына кошумча спорт залдын жана №68 гимназиянын аймагындагы спорт корпусунун курулушу аяктайт.   “Өз кезегинде, билим берүү уюмдарынын авариялык корпустарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт”,… Кененирээк…

Саидбек Зулпуев Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык 55 жаштагы Саидбек Зулпуев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Боршайкомдон билдиришкендей, эл өкүлүнө күбөлүк жана төш белги ыйгарылды.   Эске салсак, ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди. Боронбаев 2021-жылы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп… Кененирээк…

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан бошотулду

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан бошотулду. Эмилбек Абдыкадыровду иштен алуу боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   65 жаштагы Абдыкадыров бул кызматка былтыр дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон.

Бүгүн Бишкектин Жениш конушунда суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин Жениш конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап… Кененирээк…

Кыргызстанда музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет

Кыргызстанда музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Мындай кадам музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда. Учурда Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Фрунзе мемориалдык үй-музейи жана… Кененирээк…

Бишкекте темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу пландалууда

Бишкекте темир жолду кесип өткөн 9 өтмөк куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында маалым болду.   Планга ылайык, Фучик, Матыев, Акиев, Үмөталиев, Шевченко, Исанов, Гоголь, Сүйүмбаев жана Т.Айтматов көчөлөрүнөн темир жолдун үстү аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыккан өтмөк курулушу күтүлүүдө. Бирок курулуштун мөөнөтү азырынча белгисиз.

Кыргызстан Кытайга жаңгак экспорттой баштады

Кыргызстан Кытайга жаңгак экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн компаниялары менен 10 миң тонна жаңгакты Кытай Эл Республикасына экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Мындай аракеттер жаңгактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын продукциясы… Кененирээк…