АКШда “акылдуу” сөйкө чыгарылды

АКШда “акылдуу” сөйкө чыгарылды. Алар ээсинин ден-соолугу жөнүндө бардык маалыматты чогулта алат.

 

Биринчи кезекте мындай зер буюм колдонуучунун дене табын жана сырттагы аба-ырайынын температурасын каттайт.

 

Алынган маалымат стресс, оорулар, физикалык көнүгүүлөр, тамактануу жана башка бир катар көрсөткүчтөрдү анализдөөгө жардам берет. Сөйкөнү бир кубаттап, 28 күн тагынса болот. Ал Bluetooth аркылуу иштеп, смартфонго байланат.