Нарында булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү иши жанданат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, кайра иштетүү өнөр жай жана логистика тармактарында аткарыла турган иштерге токтолду.

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында буга чейин чийки заттын 10% гана кайра иштетилип келген. Мындан ары калган 90% чийки затты кайра иштетүү өнөр жай тармагына жумшоо каралууда.

Бул багытта атайын каражаттар да бөлүнөт, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория жана логистикалык борборлор ачылат.

 

“Маселен өлкөнүн Нарын облусунда мал чарбачылыгы өнүккөн. Бул аймакта булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү ишканасын ачууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, картошка сактоо, кездеме чыгаруу, сүт, мал этин, тоок этин өндүрү жана дан азыктары тармактары сыяктуу жакынкы жылдары 100 ири долбоор ишке ашырылат”, — деди Бакыт Төрөбаев.

 

Белгилей кетсек, жакында Бишкек жана Ош шаарларында дыйкан-фермерлер менен түзмө түз баарлашуу максатында агрофорум өткөрүлөт. Анын алкагында бир топ маселелер каралып, аларды чечүү жактары талкууланат.