Тогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилди

Тогуз-Торо районунда хоккей аянтчасы курулуп, ишке берилди. Аянтчанын ачылышы өткөн дем алыш күндөрү болуп, анда Миң-Куштун жана Тогуз-Торонун хоккейчилери беттешкен.

Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдалы Аскарбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ачык асман алдындагы аталган аянтчаны курууга Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом сарпталган.

Аянтчанын курулушу 2019-жылы башталып, каржы маселесинен улам аягына чыкпай келген. Аянтчада эми жаш хоккей ышкыбоздору машыгып, жергиликтүү мектеп лигасынын оюндары өтүп турат.

“Максатыбыз — жаш хоккейчилерди тарбиялап, облустук, республикалык мелдештерге даярдануу. Бизде азырынча машыктыруучу жок. АКШ жана башка өлкөлөрдөн хоккей тармагындагы ыктыярчыларды алып келип, балдарды машыктырсак дейбиз”, — деди Аскарбеков.