Британиялык миллиардер Джим Рэтклифф “Манчестер Юнайтед” клубунун кошумча ээси болду

Британиялык миллиардер Джим Рэтклифф “Манчестер Юнайтед” клубунун кошумча ээси болду. Жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткен келишимди Футбол ассоциациясы жана Англиянын премьер-лигасы жактырды.   Рэтклифф клубга 200 миллион доллар инвестиция салганы белгилүү болду.   Жыл аягына чейин ал дагы 100 миллион салат. Каражат клубдун стадионун… Кененирээк…

Кагаз маалымкаттар, иш кагаздары толук жоюлат

Кагаз маалымкаттар, иш кагаздары толук жоюлуп, бардык иш электрондук форматка өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Министр Нурия Кутнаева ишти электрондук форматка өткөрүү боюнча мекемелер аралык кеңешме өткөрүп, демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө, мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи.   Маалым болгондой,… Кененирээк…

Чүйдүн 40 миңден ашык тургуну жер мунапысы боюнча арыз берген

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өткөнүн облустук жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди.   Айыл элинин айтымында, көпчүлүк үйлөр СССР доорунда салынса да, керектүү документтери ушул кезге дейре бүтпөй келет. Бул боюнча президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиевге да кайрылышкан. Облус жетекчиси… Кененирээк…

Башталгыч класстарды жалаң кыргыз тилинде окутуу сунушталды

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев парламенттин 21-февралдагы жыйынында башталгыч класстардын окуучуларын жалаң мамлекеттик тилде окутууну сунуштады. Анын пикиринде окуучулардын ушул курагында тили калыптанат.   Коңшу Казакстанда да башталгыч класстардагы окутуу бир гана казак тилинде жүргүзүлөрүн мисал келтирди.   «Мамлекеттик тилге болгон мамиле биз мыйзам кабыл… Кененирээк…

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам алгандардын саны өсүүдө

Өлкөдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алган жарандар көбөйүүдө. Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы акысыз юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миңден ашык жаран алган. Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 90 миңден ашык адамды түздү.   Аталган кызмат өлкөдө жарандардын укуктук сабатын арттырып жатканы,… Кененирээк…

Ысык-Көлдө манасчылар паркы курулат

Ысык-Көлдө манасчылар паркы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын батыш тарабынан жер бөлүндү.   Парк манас айтууга, улуттук майрамдарды өткөрүүгө жана көргөзмөлөрдү уюштурууга ылайыкташат. Андан тышкары сейил бак катары дагы… Кененирээк…