Каракол – Эңилчек унаа жолуна каттам ачылды

Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган унаа жолдун 47-48-чакырым аралыгында көлөмү 23 миң куб метрди түзгөн үч көчкү түшкөн. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.