Быйыл санариптик экономикага 600 миллион сом бөлүнөт

Быйыл санариптик экономикага 600 миллион сом бөлүнөт. Novosti.kgге президенттик аппараттын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдиргендей, каражат министрликтерге жана ведомстволорго жаңы санариптик продукцияны киргизүүгө же аларды өнүктүрүүгө багытталат.

 

Эске салсак, былтыр Каржы министрлиги санарип экономикага 500 миллион сом бөлгөн.