Кыргызстандыктар мүлк салыгы боюнча маалымат эсебин тапшырышы керек. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, муну Cabinet.salyk.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу же салык органына барып ишке ашырууга болот.
Юридикалык жактар 1-апрелге чейин, жеке жактар 1-майга чейин эсептөөлөрдү тапшырышы керек. Кечиккен учурда 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат.