Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады. Биздин команда жалпысынан 6 топ кирген А тайпасындагы командалар арасында үчүнчү дивизиондо ойнойт.

 

Турнир Бишкекте 10-16-март аралыгында өтөт. Жеңүүчү экинчи дивизионго чыгуу укугун алат.

 

Кыргыз курамасынын кеңейтилген тизмесинде учурда 19 оюнчу бар. Командага 1-орунду алуу милдети коюлган.