Кытайлык компания Нарын облусунда электр станцияларын курат

Кытайлык компания Нарын облусунда электр станцияларын курат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Кытай компаниясынын өкүлү Цай Чжифандын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандум жетишилди.   Анын алкагында, Жумгал районунун Кызарт жана Семиз-Бел тилкелеринде, Кочкор районунда күн, шамал электр станциялары курулат. Иштер качан башталары азырынча белгисиз.

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, 23-февраль – майрам күнү болуп, дем алыш жарыяланды. Эмгек кодексине ылайык, ага чейинки иш күнү бир саатка кыскартылат.   Кыргызстандыктар ушуну менен дүйшөмбү, 26-февралда жумушка чыгат. Ал эми кийинки жума алты күндүк болот.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмү кирген сууга караганда 5 эсе көп болууда

Токтогул суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмү кирген сууга караганда 5 эсе көп болууда.   “Электр станциялар” компаниясынын маалыматына ылайык, башкы резервуардан секундасына 773 кубометр нымдуулук агып чыкса, кирген көлөм болгону 158 кубду түзүп жатат.   20-февралга карата Токтогулдагы суунун жалпы көлөмү 8,4 миллиард кубометрди… Кененирээк…

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча корпус курулат

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча корпус курулат.   Бул максатта Катар  өнүктүрүү фонду 9,3 миллион доллар бөлүп бериши мүмкүн, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.   Маалыматка ылайык, курулуш долбоору Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев менен Катар өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа… Кененирээк…

Эмгек министринин орун басары кармалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды.   Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Парламент “чет элдик өкүл” долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Документке 64 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.   Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.… Кененирээк…

Ордо калаада бүгүнтөн тарта №2 автобустун каттамы жарым-жартылай өзгөрдү

Ордо калаада бүгүнтөн тарта №2 автобустун каттамы жарым-жартылай өзгөрдү.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эми аталган коомдук транспорт Үмүт жаңы конушунан Көк-Жар конушуна чейин барып, Мыскал, Фучик, Бейшеналиева, Москва, Лев Толстой, Логвиненко, Панфилов, 7-апрель, Ахунбаев көчөлөрүн камтыйт.   Линияга 10 мүнөттүк аралык менен 20 автобус… Кененирээк…

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Сүйүнбай Алиев дайындалды

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Сүйүнбай Алиев дайындалды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, буга чейин бул кызматты ээлеп келген Гүлмира Шакирова иштен бошотулду.   Белгилеп кетсек, “Кыргызфармация” – өлкөдөгү дары-дармекти жеткирүүчү негизги орган болуп эсептелет. Ал өткөн жылдын март айында түзүлгөн.

Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлгөнү байкалууда

Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлгөнү байкалууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эки жума ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 61 сом 80 тыйындан 62 сом 20 тыйынга кымбаттады.   Ал эми өткөн жылдын ушул мэзгил аралыгына салыштырмалуу, баалар 8 сом 80 тыйынга көтөрүлдү. Дизелдик отундун литри… Кененирээк…

Бишкекте асма жолдун курулушу быйыл башталат

Бишкекте асма жолдун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, жумушчу топ түзүлдү, жакынкы арада Швейцариядан адистер келип, келишим түзүлөт.   Май айында капсула салынып, асма жол колдонууга 2025-жылдын аягында берилет деп күтүлүүдө. Канат жолунун алдын ала… Кененирээк…