Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду

Баткендин Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан президенттин жарлыгынын негизинде ишке ашырылган.

 

Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 мыйзамсыз курулган объект аныкталып, андан тышкары 53 обьектиге эскертүү берилди.

 

Аталган фактылар боюнча жалпы 18 материал Кадамжай РИИБге өткөрүлдү. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпы 30 объект буздурулуп, учурда кайра калыбына келтирилди.

 

Эске салсак, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан ушул жылдын январь айында республика боюнча 31 текшерүү жүрүп, 138 миң 575 сом доо коюлуп, 486 миң сом айып пул салынган.